Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн жарандардын саны 9га жетти
11-ноябрда Амур Айба Медер президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.
БШК тараткан маалыматка караганда, ал өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн.
Президентик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Бүгүнкүгө карата президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпы 9 жарандан арыз келип түштү. Алар:
- Аймен Касенов
- Азамат Эсенбеков
- Сыймык Жапыкеев
- Акай Кадыров
- Исхак Масалиев
- Садыр Жапаров
- Бактыбек Калмаматов
- Бакытбек Адылов
- Амур Айба Медер
Белгилей кетсек, өлкөдө президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Учурда өздөрүн талапкерликке көрсөткөндөрдү колдоо этабы "Түндүк" тиркемеси аркылуу жүрүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу