Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү
24 жаштагы Нурсултан Чыныбек уулу Бишкекте Яндекс Байк менен тамак-аш буйрутмаларын жеткирип иштейт жана жеткирүү абдан ыңгайлуу иш, деп эсептейт. Ал бул тармакка кантип келип калганын, эмне үчүн байк курьерлер үчүн атайын жасалганын жана тамак-аш жеткирүү ага кирешеден тышкары эмне берээрин айтып берди.
Нурсултандын ар бир күнү окшош башталат. Эртең менен саат 9да туруп, кофе ичет, тамактанат да, биринчи кезекте сумкасы менен байкты тазалоого киришет.
Электробайк жөнүндө айтып жатып, “ал таза, жакшы көрүнүп турса, өзүм кубанам”, - деп белгилейт.
Саат 11де ишке чыгып, кечки 8ге чейин Бишкекти кыдырып, буйрутмаларды кабыл алат. Ал Яндекс Go’догу Тамак-аш кызматында сатып алууларды жеткирет жана курьерлик - “абдан эркин иш” деп эсептейт.
Нурсултан жеткирүү ишине досунун рефералдык шилтемеси аркылуу келген. Бирок ал чечим чыгарууга негиз болгон эмес. Анын иште калышына шаар ичинде башка курьерлер минип жүргөн электрбайктар түрткү берген. Буга чейин буйрутма жеткирүү боюнча тажрыйбасы бар болгон, бирок азыркыдан айырмаланып велосипед менен иштеп келген. Андыктан, Нурсултан ал кезди жакшы деле эскербейт: кышында суук болчу, аба ырайы начар кезде велосипед менен жүрүү тайгак, электрбайкка караганда кыйла жай жүрөт. Байк болсо, ар мезгилге ылайыкташкан дөңгөлөктөрү менен саатына 25 чакырымга чейинки ылдамдыкта иштин натыйжалуулугун жогорулатып, көбүрөөк буйрутма аткарууга шарт түзөт.
“Ал өтө ыңгайлуу жана курьер үчүн атайын жасалгандай. Менимче, жеткирүү менен алектене баштоого бул эң жакшы түрткү берди”, - дейт Нурсултан.
Анын эсеби боюнча, сегиз сааттык иште болжол менен 20 буйрутма жеткирет. Ошондуктан ижаранын жеңилдетилген шарттарына ээ болуу үчүн зарыл болгон жумасына 90 буйрутманы оңой эле аткарат. Мындай шартта ижара акысы 4 000 сомдун ордуна 100 сомду түзөт. Анын айтымында, бул акция менен жеке бюджетти ойлоп тынчсызданбай, эркин иштөөгө болот.

Тамак-аш буйрутмаларын жеткирүү ал үчүн кандайдыр бир деңгээлде жашоосундагы бурулуш болду. Нурсултан өзүн интроверт деп эсептечү, мурда бейтааныш адамдар менен баарлашуу ага кыйынга турган. Айтымында, азыр аны таанып калган кафенин кызматкерлери, башка курьерлер жана кардарлар менен баарлашуу жеңилдеди.
“Жалпысынан тилди бат эле табам. Азыр кандай кардарлар болорун деле түшүнүп калдым. Кээде абдан позитивдүү адамдар кездешет, алардан өзүм да кубат алам. Кээде албетте, интроверт адамдар жолугат. Бирок мен да интроверт болгондуктан, алар менен кантип баарлашуу керектигин билем жана бат эле тилин табам”, — дейт Нурсултан.
