"Ачык кабинет" долбоорунун алкагында бир катар жетекчилер ЖМК менен жолугат

"Ачык кабинет" долбоорунун алкагында бир катар жетекчилер ЖМК менен жолугат

Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоору уланууда. Анын алкагында алдыдагы жумада аткаруу бийлигинин негизги өкүлдөрү массалык маалымат каражаттары менен ачык форматта иш күндөрүн өткөрүшөт.

18-майда Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев долбоордун алкагында "Биринчи радионун" түз эфирине катышып, Ынтымак Ордодо ЖМК өкүлдөрү менен пресс-завтрак өткөрөт. Ошондой эле журналисттер менен биргеликте Чүй облусуна чыгуу уюштурулуп, Президенттин Администрациясында өтө турган эки жумушчу кеңешмеге катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

19-майда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өзүнүн иш күнүн журналисттердин коштоосунда өткөрөт. Программада ЖМК өкүлдөрү менен бейформал жолугушуулар, кеңешмелер жана жумушчу иш-чараларга катышуу каралган.

22-майда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев дагы "Ачык кабинет" долбооруна катышып, борбор калаанын өнүгүүсү жана шаардагы актуалдуу маселелер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берет.

Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жогорулатууга жана коомчулукту аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымдоого багытталган.

Ошондой эле ЖМК өкүлдөрү үчүн аккредитация жүргүзүлөрү белгиленип, тиешелүү байланыш номерлери жарыяланды.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн