Кыргызстан менен Татарстан соода жана маданий байланыштарды бекемдейт

Кыргызстан менен Татарстан соода жана маданий байланыштарды бекемдейт

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, билим берүү жана спорт тармагындагы кыргыз-татар кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Улан Маматканов Кыргызстан эки тараптуу алакаларды чыңдоого жана жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө маани берерин белгиледи. Анын айтымында, 2025-2027-жылдарга карата кызматташуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы тараптар үчүн маанилүү жол картасы болуп саналат.

Тараптар билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык маселеси талкууланды.

Кыргыз тарап Татарстандын спорттук делегациясын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн