А.Касымалиев "Джунда" заводунун ишин жандандыруу боюнча кеңешме өткөрдү

А.Касымалиев "Джунда" заводунун ишин жандандыруу боюнча кеңешме өткөрдү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводунун (ЖАК "Чайна Петроль Компани") ишмердүүлүгүнө арналган жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө ишкананын учурдагы абалы, технологиялык модернизациянын жүрүшү жана өндүрүштүк циклди кайра баштоо графиги талкууланды. Ошондой эле заводдун ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуудагы маанилүү ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Адылбек Касымалиев дүйнөлүк рыноктордогу туруксуз кырдаалдын шартында "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун ишке киргизүү стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.

Жолугушуунун алкагында заводду чийки зат менен камсыз кылуу, экологиялык стандарттарды сактоо, ошондой эле оңдоо жана жаңылоо иштерин өз мөөнөтүндө аяктоо маселелери кеңири каралды.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жооптуу тараптарга бир катар тапшырмалар берилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү