Адилет Орозбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 19-май күнү Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушуу өткөрдү.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай мамлекеттер аралык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, коопсуздук тармагындагы эл аралык кырдаал боюнча пикир алмашышты.
Адилет Орозбеков кытай тарапка 14-майда Бишкекте кыргыз тараптын төрагалыгы алдында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйынынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу жана заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.


