Кыргызстанды дүйнөлүк туристтик борборго айлантуу планы талкууланды

Кыргызстанды дүйнөлүк туристтик борборго айлантуу планы талкууланды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдагы туристтик тармактын жыйынтыктары, туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана “Tunduk Travel” улуттук санариптик платформасын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Адылбек Касымалиев 2026-жылдын январь-апрель айларында өлкөнүн ички дүң продукциясы 602,8 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,4%га өскөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул көрсөткүчтө кызмат көрсөтүү тармагынын үлүшү чоң.

МинКаб башчысы акыркы жылдары мамлекет туризм тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, Кыргызстан төрт мезгил эс алууга ыңгайлуу өлкө катары таанылып бара жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал инфраструктуранын сапаты, сервис маданияты жана туристтердин коопсуздугу мамлекеттин аброюна түздөн-түз таасир этерин айтып, тармактагы көйгөйлөрдү ачык талкуулоого чакырды.

Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев жаратылышка аяр мамиле кылуу жана туристтик аймактардагы тазалыкты сактоо боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасын берип, өлкөгө көбүрөөк турист тартуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн