Садыр Жапаров электрондук документ жүгүртүү боюнча мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров электрондук документ жүгүртүү боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Документ 2026-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын негизги максаты — мыйзам долбоорлорун киргизүү жана кароо тартибин өркүндөтүү, ошондой эле кагаз документ жүгүртүүнү азайтуу аркылуу мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке электрондук форматта же кагаз түрүндө киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле парламенттеги документ жүгүртүү кагаз жана электрондук форматта жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын акыркы редакциясы Президентке кол коюу жана жарыялоо үчүн электрондук же кагаз түрүндө жөнөтүлөт.

Өзгөртүүлөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамдарга киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн