Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын президенти менен жолукту

Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын президенти менен жолукту

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга болгон жумуш сапарынын алкагында өлкө президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.

Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын президентине Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди.

Тараптар жолугушууда кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика жана транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдөн 2 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

30 USDдан башталган SWIFT-которуулар: DemirBank бизнес үчүн атайын шарттарды сунуштайт

ТИМ башчысы Кулубаев ЖККУнун биргелешкен жыйынына катышты

Кара-Кечеде кар жаап, көмүр жүктөө убактылуу токтотулду