Ысык-Көл форумуна дүйнөлүк окумуштуулар жана Нобель сыйлыгынын лауреаттары катышат

Ысык-Көл форумуна дүйнөлүк окумуштуулар жана Нобель сыйлыгынын лауреаттары катышат

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында 21-майда юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү.

Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, жыйындын жүрүшүндө форумдун концепциясы, аталышы жана негизги темалары заманбап дүйнөлүк тенденцияларга жана актуалдуу чакырыктарга шайкеш болушу керектиги белгиленди. Ошондой эле иш-чаранын мазмундук деңгээлин жогорулатууга багытталган сунуштар талкууланды.

Маалыматка ылайык, юбилейлик форумга дүйнөгө белгилүү окумуштуулар, Нобель сыйлыгынын лауреаттары, илимий жана маданий ишмерлер, акын-жазуучулар, ошондой эле дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүнөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышары күтүлүүдө.

Жыйындын соңунда Арслан Койчиев форумдун өтүү мөөнөтү жакындап калганын белгилеп, бардык тиешелүү мамлекеттик органдарды жана жооптуу түзүмдөрдү бекитилген план боюнча ыкчам жана системалуу иш алып барууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн