"Өкмөттүк акселераторлор": эки ири реформа ийгиликтүү ишке ашты

"Өкмөттүк акселераторлор": эки ири реформа ийгиликтүү ишке ашты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын аппараттык жыйынында 100 күндүк "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ишке ашырылган эки реформанын жыйынтыгын чыгарды.

Биринчи реформа товарларды идентификациялоо жана бажы каттоосуна байланыштуу уруксат берүүчү документтерди алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталды. Анын алкагында мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары интеграцияланып, арыздарды кароо процесси толугу менен санариптештирилди.

Натыйжада тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары документтерди бирдиктүү санариптик платформа аркылуу тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле жасалма интеллект технологияларын колдонгон ai.trade.kg платформасы ишке киргизилип, товарларды талдоо жана айрым уруксат берүүчү документтер боюнча сунуштарды даярдоо автоматташтырылды.

Реформанын жыйынтыгында мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү мөөнөтү кыйла кыскарып, документтерди кароо жана эксперттик корутундуларды берүү убактысы 14 жумушчу күндөн 3 жумушчу күнгө чейин азайды.

Экинчи реформа аскерге чакыруу курагындагы жарандардын медициналык кароодон өтүү процессин санариптештирүүгө арналды. Бул максатта "Sanarip Clinic" медициналык маалыматтык системасынын негизинде жаңы санариптик модель иштелип чыгып, пилоттук режимде Чүй облустук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда ишке киргизилди.

Пилоттук долбоордун алкагында 788 жаран электрондук медициналык текшерүүдөн өтүп, бардык корутундулар "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук тутуму аркылуу өткөрүлдү. Мындай ыкма медициналык кызматкерлердин жүгүн азайтып, кагаз документ жүгүртүүнү кыскартууга жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдарга санариптик жана инфраструктуралык реформаларды мындан ары да ырааттуу улантуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, аталган реформалар 2026-жылдын 14-январында Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленип, 100 күндүн ичинде ишке ашырылган.

Мындан тышкары окуңуз

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,