Кыргызстан менен Кореянын өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси көтөрүлдү

Кыргызстан менен Кореянын өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери, Корея–Кыргызстан депутаттык достук тобунун жетекчиси Пак Док Хым баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жана соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Марлен Маматалиев кийинки жылы Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 35 жыл толорун белгилеп, эки өлкөнүн кызматташтыгы акыркы жылдары бардык багыттар боюнча жигердүү өнүгүп жатканын айтты.

Ошондой эле ал экономикалык кызматташтыкты күчөтүү максатында Кыргыз–Корей өнүктүрүү фондун түзүү жана билим берүү тармагында атайын квоталарды кароо демилгесин көтөрдү.

Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери Пак Док Хым Кыргызстан менен бардык багыттарда кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, бул иш сапар эки өлкөнүн парламенттер аралык жана мамлекеттер аралык алакаларын жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Жолугушууда ошондой эле билим берүү, инновациялык технологиялар жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын соңунда Марлен Маматалиев кореялык делегацияны Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жана парламентти санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырды.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52