Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришкендей, жогорку даражалуу конокту Ысык-Көл облусундагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары соода, энергетика, туризм тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоо, транспорттук коридорлорду кеңейтүү жана аймактагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Россиядан 100 миң тонна күйүүчү май алат

Кыргызстан Россиядан 100 миң тонна күйүүчү май алат

30-июлда Кыргызстан Россиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май ташып келүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымына караганда, орус тарап менен азырынча баа боюнча бир чечим кабыл алына элек жана жакынкы күндөрү Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү Россияга

WOAH Кыргызстандын шарпты көзөмөлдөө программасын кайра жактырды

WOAH Кыргызстандын шарпты көзөмөлдөө программасын кайра жактырды

Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму (WOAH) 2026-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын шарп оорусун көзөмөлдөө боюнча расмий программасын кайрадан жактырды. Бул тууралуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарууда билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, аталган чечим Кыргызстандын ветеринардык системасына болгон эл аралык ишенимдин

Кытайга кайсы өлкөлөр канча акча карыз?

Кытайга кайсы өлкөлөр канча акча карыз?

Кытай дүйнөдө экономикасы эң күчтүү өлкөлөрдүн сап башында турат. Кытай Эл Республикасынан акыркы жылдары кайсы өлкө канча насыя алганы боюнча атайын иликтөөлөргө көз чаптырдык. Кытайдан насыя алган өлкөлөрдүн тизмеси: АКШ – 202 млрд доллар Орусия – 172 млрд доллар Австралия – 130 млрд доллар Венесуэла ­ 106 млрд доллар Пакистан – 76 млрд доллар Англоа

Ысык-Көлдө дагы бир эс алуу жайына алып баруучу жол жаңыланды

Ысык-Көлдө дагы бир эс алуу жайына алып баруучу жол жаңыланды

Ысык-Көл облусундагы "Чайка" эс алуу жайына алып баруучу жол мамлекеттик бюджеттин эсебинен толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолго жаңы асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулду. Ошондой эле сырткы жарыктандыруу системасы толугу менен орнотулуп, пайдаланууга берилди. Министрликтин маалыматына