Мамлекеттик кызматтагы кадр саясаты боюнча аткарылган иштер талкууланды

Мамлекеттик кызматтагы кадр саясаты боюнча аткарылган иштер талкууланды

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды.

Аталган мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, жыйында мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү, кадр саясаты, санариптештирүү, тестирлөө, ошондой эле "Санарип аймак" жана e-Kyzmat системаларын ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер талкууланды.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, мамлекеттик кызматкерлерди окутуу, укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык багытындагы иштер боюнча маалымат берилди.

Катышуучулар жүргүзүлүп жаткан реформаларды, кездешкен көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулап, 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата артыкчылыктуу милдеттерди аныкташты.

Жыйындын соңунда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарын шаары кышка даяр: калк үчүн 7 миң тоннадан ашык көмүр жеткирилди

Айрым министрликтердин ишин 7де баштатуу сунушталды

Экспортко чыгарылуучу айыл чарба продукцияларына фитосанитардык сертификат берүү тартиби өзгөрөт

Битум базаларынын кубаттуулугу артууда

Президенттин Иш башкармалыгынын кирешеси 28 млрд сомдон ашты