БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоого жарандарды чакырды

БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоого жарандарды чакырды

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо үчүн жарандардан, саясий партиялардан жана коомдук бирикмелерден документтерди кабыл алууну жарыялады. Тийиштүү документтер 2026-жылдын 7-октябры саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Резервдери толуктала турган комиссиялардын арасында Түп, Каракол, Ак-Суу, Ысык-Ата, Аламүдүн, Чүй, Токмок, Талас шаардык, Талас, Жумгал жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиялары бар.

Шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди саясий партиялар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары - жергиликтүү кеңештер сунуштай алышат.

Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары, талапкерлер жана алардын өкүлдөрү шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло алышпайт.

Мындан тышкары, башка мамлекеттин жарандыгы бар, соттуулугу жоюлбаган же алынбаган, башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон жана айрым негиздер боюнча мурда комиссия мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар да комиссиянын курамына кире алышпайт. Бир комиссиянын курамына жубайлар жана жакын туугандар бир учурда шайлана алышпайт.

Резервге кирүү үчүн жарандар тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерин тапшырышы керек. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин түздөн-түз БШКга беришет.

Керектүү документтер:

  • шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдук берүү жөнүндө арыз жана мыйзам талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;
  • паспорттун көчүрмөсү; билими, иштеген же окуган жери көрсөтүлгөн биографиялык маалымат же резюме;
  • жашаган дареги жана байланыш телефондору;
  • жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук; талапкерди көрсөтүүчү субъекттин протоколу.

БШК талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашашы керектигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media