Президенттик шайлоо 2027: шайлоочулар жана талапкерлер эмнени билиши керек?

Президенттик шайлоо 2027: шайлоочулар жана талапкерлер эмнени билиши керек?

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Шайлоо Жогорку Кеңештин 2026-жылдын 24-сентябрындагы №715-VIII токтому менен дайындалган. Ушуга байланыштуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия - шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуу жолдоду.

 Анда шайлоочулар үчүн маанилүү даталар белгиленген:

·       2026-жылдын 8-ноябрына чейин — шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg порталына жарыяланат;
·       18-ноябрга чейин — алдын ала тизме шайлоо участкаларына илинет;
·       18-ноябрдан 2027-жылдын 12-январына чейин — тизмедеги ката же так эместиктер боюнча «Шайлоочунун кабинети» аркылуу арыз берүүгө болот.

18 жашка толгон жана мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берген Кыргызстандын жарандары президенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу. Шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн биометрикалык каттоодон өтүү талап кылынат.

 Ал эми Президенттикке талапкерлер үчүн:

·       Президенттикке талапкер 35 жаштан кем эмес, мамлекеттик тилди билген жана Кыргызстанда жалпы 15 жылдан кем эмес жашаган жаран болушу керек.
·       Талапкерлерди көрсөтүү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин жүргүзүлөт.
·       Талапкерди колдоо үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун колу керек. Ошол эле учурда берилген колдордун саны 60 миңден ашпоого тийиш.

 Мындан сырткары Президенттикке талапкер шайлоо фондун түзүп, мыйзамда белгиленген тартипте 10 миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төлөшү керек.

Талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин аяктайт.

 Шайлоо алдындагы үгүт иштери:

Шайлоо алдындагы үгүт талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин башталып, 2027-жылдын 26-январында саат 08:00дө токтойт.

ЖМК жана интернет-басылмалар шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн БШКдан аккредитациядан өтүшү керек. Аккредитациядан өтпөгөн ЖМКлар үгүт белгилери жок маалыматтык материалдарды жарыялай алышат.

БШК шайлоо процессинин бардык катышуучуларын мыйзам талаптарын сактоого, шайлоону ачык жана мыйзамдуу өткөрүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media