БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту

БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту

Бүгүн, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Москва, Панфилов, Каракол, Ат-Башы жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

БШКнын маалыматына караганда, жыйындын жүрүшундө катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер кабыл алынды. Ага ылайык:

-           Москва районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаты Колоева Бактыгүл Раимбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Пашунько Татьяна Сергеевнага өткөрүлүп берилди;  

-           Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Осмоналиев Жеңиш Калыбековичтин ыйгарым укуктары да анын арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер Егембердиев Урмат Каратаевичке өткөрүлүп берилди;  

-           Каракол шаардык кеңешинин депутаттары Омуркулов Бактыбек Конокбековичтин жана Торобеков Азамат Нурлановичтин ыйгарым укуктары да арыздарынын негизинде токтотулуп, алардын ордуна кийинки талапкерлер Казакбаев Кайрат Аныварбековичке жана Сагынбек уулу Эрланга өткөрүлүп берилди;

-           Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Муратова Жасмина Муратовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;

-           Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары Иманбеков Бактыярдын   жана Сыдыков Кенжебек Бакасовичтин ыйгарым укуктары да арыздарынын негизинде токтотулуп, бош калган мандаттар кийинки талапкерлер Оморкулов Улан Тынарбековичке жана Тургуналиев Замирбек Бактыбековичке өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media