Эмгек министрлигинде жаңы дайындоо

Эмгек министрлигинде жаңы дайындоо

“Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 18-беренесине ылайык, Алиясов Арлен Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Билдирүүгө караганда, бүгүн Президенттин Администрациясынын тармактык саясат секторунун башчысы Жыпариса Рыспекова министрликтин жамаатына жаңы биринчи орун басарды тааныштырды.

Арлен Кубанычбекович Алиясов 2021–2026-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эмгектенип, ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарды аркалаган. Министрдин биринчи орун басары кызматына дайындалганга чейин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүн жетектеп келген.

Министр Алмаз Имангазиев Арлен Кубанычбековичке мындан аркы ишинде ийгиликтерди, үзүрлүү эмгекти жана чың ден соолукту каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media