Кыргызстандын Башкы прокурору КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын Башкы прокурору КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын Башкы прокурору Малик Бектурганов Казань шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин 36-жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө кылмыш жолу менен алынган активдерди чет өлкөлөрдөн аныктоо, конфискациялоо жана кайтарып алуу боюнча заманбап ыкмалар талкууланды.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, иш сапардын алкагында Малик Бектурганов Азербайжан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башкы прокурорлору, ошондой эле КМШ Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин катчылыгынын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Тараптар эл аралык укуктук кызматташуу, соттолгондорду өткөрүп берүү, трансулуттук кылмыштуулукка, киберкылмыштуулукка жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында - Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Казакстандын жана Россиянын Башкы прокуратураларынын ортосунда кызматташтык боюнча документтерге кол коюлду. Алар практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана түз кесиптик байланыштарды бекемдөөгө багытталган.

Жыйындын жыйынтыгында КМШ өлкөлөрүнүн чет өлкөлөрдөн активдерди кайтарып алуу боюнча кызматташуу жөнүндө келишиминин концепциясы жактырылып, КМШ мейкиндигинде активдерди кайтарып алуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик тармак түзүү чечими кабыл алынды.

Кыргызстандын делегациясы Казань шаарындагы ишин улантып, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 24-жыйынына катышат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media