Өзгөндө 13,9 млн сомго спорт аянтчасы ачылды

Өзгөндө 13,9 млн сомго спорт аянтчасы ачылды

Өзгөн районуна караштуу Кара-Шоро айыл аймагынын Большевик айылында Ибраимов Зергербай атындагы кичи футбол аянтчасы курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Каныбек Апбазов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Маалыматка ылайык, спорт аянтчасынын жалпы баасы 13 млн 979 миң 418 сомду түзгөн. Анын ичинен 10 млн сом Ош облустук өнүктүрүү фондунан, 979 миң 418 сом жергиликтүү бюджеттен, ал эми 3 млн сом жергиликтүү жамааттын салымынан каржыланган.

Иш-чарада Аманкан Кенжебаев спортту өнүктүрүү, жаштардын ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи.

Жергиликтүү тургундар жаңы спорттук жайдын курулушуна салым кошкон тараптарга ыраазычылык билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти

Бишкекте монорельс куруу долбоору талкууланды

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

Спорт агенттигине 21 кызматтык унаа тапшырылды

"Ак Жорго" гараждарын бошотуу мөөнөтү узартылды