Спорт агенттигине 21 кызматтык унаа тапшырылды
Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке жана ага караштуу спорттук мекемелерге 21 кызматтык автоунаанын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, унаалар ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында "Тулпар Моторс" компаниясынан сатып алынган.
Улан Маматканов жаңы автоунаалар спорт мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, аймактардагы ишмердүүлүктү ыкчам уюштурууга жана спорттук уюмдардын өз ара кызматташтыгын жакшыртууга шарт түзөрүн белгиледи.
Ошондой эле унаалар спорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана аймактардагы мекемелердин ишин координациялоо иштерине көмөк көрсөтөт.



Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу