Кыргыз-дания соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселеси каралды

Кыргыз-дания соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселеси каралды

23-ноябрда тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Даниянын Кыргызстандагы элчиси, Даниянын ТИМинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Ларс Туэсендин Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

ТИМ тараткан билдирүүгө караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-дания мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Анда жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа бирлигинин алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиги тастыкталды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто муниципалдык жер тилкеси аукционго коюлду

Күздүк ным топтоо сугаты 96% аткарылды

Кыргызстан менен Канаданын ишкердик кызматташтыгы кеңейтилет

Караколдо 1000 орундуу конгресс-холл курулууда

Улуттук банк коммерциялык банктар үчүн жаңы токтом кабыл алды