Кыргызстан спаржасы келечекте Араб өлкөлөрүнө, Европага, Кытайга экспорттолот

Кыргызстан спаржасы келечекте Араб өлкөлөрүнө, Европага, Кытайга экспорттолот

Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги уюштурган "Агродиалог-2026" форумунда "Агроиндустрия" компаниясынын өкүлү Айдар Жолдошбеков соңку 10 жылдан бери спаржа өстүрүп, жакшы ийгиликке жетишкенин билдирди.

"Биздин аз көлөмдө баштаган ишмердүүлүгүбүз бүгүнкү күндө 20 гектардан түшүм алууга жетти. Быйылкы жылга 61 гектар жерге айдоону пландап жатабыз. Салттуу ыкма менен бир гектардан орточо эсеп менен 6–8 тонна түшүм алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми заманбап агротехнологиялык ыкмалар аркылуу түшүмдүүлүктү 12–15 тоннага чейин жогорулатса болот",-дейт ал.

Фермердин айтымында, учурда өндүрүлгөн спаржа Казакстан жана Россияга экспорттолот. Мындан тышкары, компания келечекте спаржа продукциясын Араб, Азия өлкөлөрүнө, Түштүк Корея, Гонконг, Кытай, Макао сыяктуу өлкөлөргө экспорттоп баштайт.

"Ошондой эле биз Европа мамлекеттери менен да иштешүүнү пландап жатабыз. Ошого байланыштуу быйыл спаржанын кызыл түрү үчүн эл аралык сапат стандартына жооп берчү GlobalGAP сертификатын киргизип жатабыз",-дейт ал.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыш мезгилинде жолдордо үзгүлтүксүз кыймылды камсыздоо тапшырмасы коюлду

Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды