Ошто соода-логистикалык борбор ишке кирди

Ошто соода-логистикалык борбор ишке кирди

Ош шаарынын Кеңеш айылында "ЭКО Азык" ЖЧКсы тарабынан курулган соода-логистикалык борбор ишке киргизилди. Анын ачылышына Президент Садыр Жапаров онлайн катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбордун жылдык кубаттуулугу 2 миң тоннаны түзүп, 200дөн ашык туруктуу жумуш орду түзүлөт. Долбоор айыл чарба продукцияларын сактоо жана сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууга жана Ош шаарынын соода-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Президент Садыр Жапаровдун аралыктан катышуусунда өлкө боюнча 60 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар

Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди

ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар