Жалбырак өрттөгөндөргө 7 500 сомго чейин айып пул салынат

Жалбырак өрттөгөндөргө 7 500 сомго чейин айып пул салынат

Күзүндө түшкөн жалбырактарды жана өсүмдүк калдыктарын өрттөөгө тыюу салынат. Мындай аракет атмосфералык абаны булгап, адамдын ден соолугуна зыян келтирет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги маалымдады.

Билдирүүгө караганда, жалбырактарды өрттөөнүн ордуна коммуналдык кызматтарга өткөрүп берүү же чуңкурга көмүп, кийинки жылы жер семирткич катары колдонуу сунушталат.

Өрттөө фактысы видеого тартуу же экологиялык инспекторлор тарабынан аныкталышы мүмкүн.

Мыйзам бузгандарга жеке жактар үчүн 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сомго чейин айып пул салынат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экология

Акыркы жаңылыктар

Баары

Алтындын унциясы 320 миң сомдон сатылууда

Бажы тариздөө жол-жобосу 3 мүнөткө чейин кыскарды

Адвокаттарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам үчүн төлөнүүчү акы эки эсеге көбөйөт

2 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясынын аракети токтотулду

Кыргыз-кытай электр тармагындагы кызматташтыгы талкууланды