2 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясынын аракети токтотулду
Ош шаарындагы 2 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы 3-декабрга чейин токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалымдалгандай, "Сом Плюс" жана "Сам Финанс" акча алмаштыруучу жайларына мындай чара өлкө мыйзамдарын жана башкы банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн кабыл алынган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу