Адвокаттарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам үчүн төлөнүүчү акы эки эсеге көбөйөт

Адвокаттарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам үчүн төлөнүүчү акы эки эсеге көбөйөт

Кыргызстанда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттарга төлөнүүчү акынын тарифтерин эки эсеге көбөйтүү сунушталууда. Документ президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыгып, тиешелүү өзгөртүүлөрдү караган МинКабдын токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоордун негизги максаты — мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өркүндөтүү, адвокаттардын бул системага туруктуу катышуусуна шарт түзүү жана өлкөнүн бардык аймактарында жарандардын квалификациялуу юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.

Өзгөртүү кылмыш-жаза, жарандык жана административдик иштер, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча юридикалык жардамга акы төлөөгө тиешелүү. Кызматтардын аталыштары, эсептөөнүн негиздери, иштердин категориялары жана тарифтердин түзүмү өзгөрүүсүз калат.

Мисалы, кылмыш жасады деп шектелген адамды кармоодо адвокат күндүзү жардам көрсөтсө, 40 эсептик көрсөткүч, ал эми түнкүсүн, майрам жана дем алыш күндөрү 60 эсептик көрсөткүч төлөнөт. Ал эми сотко чейинки өндүрүш баскычында көрсөтүлгөн юридикалык жардам үчүн 120 эсептик көрсөткүч, биринчи инстанциядагы сотто ишти кароого катышканы үчүн да 120 эсептик көрсөткүч каралган. Эгер адвокат сотко чейинки өндүрүшкө катышпастан, биринчи инстанциядагы сотто гана жардам көрсөтсө, акы 180 эсептик көрсөткүчтү түзөт.

Апелляциялык инстанциядагы сотто юридикалык жардам көрсөтүү үчүн 100 эсептик көрсөткүч, ал эми адвокат буга чейинки баскычтарга катышпаса, 160 эсептик көрсөткүч төлөө сунушталууда. Кассациялык инстанцияда жардам көрсөткөнү үчүн 80 эсептик көрсөткүч каралган. Эгер адвокат сотко чейинки өндүрүшкө жана биринчи, апелляциялык инстанциялардагы сотторго катышпаса, кассациялык баскычтагы иш үчүн 120 эсептик көрсөткүч төлөнөт.

Кылмыш иши эки айдан ашык тергелсе, адвокат түздөн-түз катышкан ар бир кийинки ай үчүн 40 эсептик көрсөткүч каралган. Биринчи инстанциядагы сотто иш эки айдан ашык каралса, адвокаттын ар бир кийинки сот отурумуна катышуусу үчүн 20 эсептик көрсөткүч төлөнөт. Апелляциялык инстанцияда иш бир айдан ашык каралган учурда да ар бир кийинки отурумга катышканы үчүн 20 эсептик көрсөткүч белгиленет.

Эгер адвокаттын катышуусундагы юридикалык жардамдын натыйжасында кылмыш куугунтугу реабилитациялык негиздер боюнча токтотулса же адамды актоо жөнүндө жыйынтыктоочу сот актысы чыгарылса, 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө акы төлөө сунушталган.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча тарифтер

Долбоордо кылмыштын оордугуна жараша да акынын өлчөмү белгиленген. Оор кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүштө жана/же биринчи инстанциядагы сотто юридикалык жардам көрсөткөнү үчүн 40 эсептик көрсөткүч, апелляциялык жана /же кассациялык инстанциялардагы жардам үчүн 20 эсептик көрсөткүч каралган.

Өзгөчө оор кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүштө жана/же биринчи инстанциядагы сотто жардам көрсөткөнү үчүн 60 эсептик көрсөткүч, апелляциялык жана /же кассациялык инстанциялардын ар бири үчүн 40 эсептик көрсөткүч төлөө сунушталууда.

Бир кылмыш иши боюнча бир нече адамга юридикалык жардам көрсөтүлгөн учурда ар бир кийинки алуучу үчүн өзүнчө тариф белгиленет:

  • сотко чейинки өндүрүштө — 40 эсептик көрсөткүч;
  • биринчи жана апелляциялык инстанцияларда — 30 эсептик көрсөткүч;
  • кассациялык инстанцияда — 20 эсептик көрсөткүч.

Мындан тышкары, пенитенциардык системанын мекемелеринде ай ичинде адвокат менен алуучунун кеминде эки жолугушуусу болгон учурда 40 эсептик көрсөткүч, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүн аткаруу баскычында процесстик документтерди даярдоо жана берүү үчүн 60 эсептик көрсөткүч, биринчи же апелляциялык инстанциядагы сотко түздөн-түз катышканы үчүн 40 эсептик көрсөткүч каралган.

Тарифтердин көбөйүшү бюджетке канча турат?

Токтом долбоорун кабыл алуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын каржылоого алдын ала эсептөөлөргө ылайык республикалык бюджеттен кошумча - 161,1 млн сом бөлүүнү талап кылат.  

Долбоордун негиздемесинде тарифтерди жогорулатуу - адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына катышууга болгон кызыкдарлыгын арттырып, квалификациялуу адистерди, анын ичинде адвокаттар жетишсиз болгон алыскы райондорго тартууга шарт түзөрү белгиленген. Натыйжада жарандарга өз убагында юридикалык жардам көрсөтүү жана анын сапатын жогорулатуу максатталууда.

Документте өткөөл жобо да каралган. Токтом күчүнө киргенге чейин дайындалган адвокаттарга акы тиешелүү баскыч аяктаганга чейин адвокат дайындалган күндөгү тарифтер боюнча төлөнөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бажы тариздөө жол-жобосу 3 мүнөткө чейин кыскарды

2 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясынын аракети токтотулду

Кыргыз-кытай электр тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз ишкерлери Өзбекстанды таң калдырууда

Кыргызстан менен Шри-Ланка өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүнү көздөйт