Бажы тариздөө жол-жобосу 3 мүнөткө чейин кыскарды

Бажы тариздөө жол-жобосу 3 мүнөткө чейин кыскарды

Бажылык жол-жоболоштуруунун этаптары санариптештирүүнүн алкагында 3 мүнөткө чейин кыскарды. Бул тууралуу өлкөнүн бажы кызматынын жетекчиси Улан Кимсанов "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында билдирди.

"10 жылдын ичинде бажы жол-жоболоштуруу этаптары 2 эсеге кыскартылып, убактысы 3 мүнөткө түштү. Мурда бул процес үчүн субъект бир күнгө чейин жүрчү", - деди башкы бажычы.

Бажылык жол-жоболоштуруу - бул мамлекеттин (Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин) бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүүчү расмий операциялардын жыйындысы.

Бул процесс бажы органдары тарабынан жүк ташуу документтерин карап чыгуу, бажы эрежелерин аткаруу, алымдарды жана салыктарды эсептөө жана жүктү акыркы көздөгөн жерине жеткирүү үчүн жүргүзүлөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Алтындын унциясы 320 миң сомдон сатылууда

Адвокаттарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам үчүн төлөнүүчү акы эки эсеге көбөйөт

2 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясынын аракети токтотулду

Кыргыз-кытай электр тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз ишкерлери Өзбекстанды таң калдырууда