Талас аэропортунун жаңы имараты ушул жылдын аягына чейин курулат

Талас аэропортунун жаңы имараты ушул жылдын аягына чейин курулат

7-апрель күнү «Манас» эл аралык аэропорту» АКК башкармалыгын төрагасы Манасбек Самидинов иш сапары менен Талас шаарындагы «Талас» аэропортуна барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен аэропорттун терминалы менен аэродромунун курулуш иштеринин башталышын талкуулады. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Самидинов белгилегендей, «Манас» эл аралык аэропорту Транспорт министирлиги менен бирдикте, асфальт-бетон төшөлгөн элементтердин андан аркы оңдоо-калыбына келтирүү иштерин өткөрүп берүүнүн жол-жобосун иштеп чыгууда. Мындан сырткары «Талас» аэропортунун аэродромунун учуп-конуу тилкеси, рулеждук жолчосу жана перрондорду оңдоп-түзөө пландалууда. Ал кошумчалагандай, бул аткарылып жаткан иштер мамлекеттин пайдасына каражаттарды үнөмдөө максатында жасалууда.

Ошондой эле жолугушуу учурунда «МЭА» инфраструктура жана региондук өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов бүгүнкү күндө Талас аэропортунун жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык иш-кагаздары иштелип бүтүп жаткандыгын айтты.

Белгиленгендей, Талас аэропорту ишке берилсе саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала турганга шарт түзүлмөкчү. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2023-жылдын 3-4-кварталын түзөт. 2019-жылы «МЭА» ААКнын өз күчү менен Талас аэропортунун жерин тосуп-курчоо боюнча курулуш-монтаждоо иштери аткарылган.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл