Финмин I кварталда мамлекеттик карызды төлөөгө 9.3 млрд сом бөлдү

Финмин I кварталда мамлекеттик карызды төлөөгө 9.3 млрд сом бөлдү

Быйылкы жылдын биринчи кварталында мамлекеттик карызды тейлөөгө 9.3 млрд сом багытталган. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, тышкы карызды жабууга 6.1 млрд сом, ички карызга 2.3 млрд сом бөлүнгөн.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5.6 млрд долларды түзөт, анын ичинен 80.3% — тышкы карыз – 4.5 млрд доллар, ал эми 19.7% — ички карыз — 1 млрд 104.5 млн долларды түзөт», — деди Даникеев.

Министрдин орун басары тышкы карыз быйылкы жылдын биринчи кварталында графикке ылайык толугу менен төлөнгөндүгүн баса белгиледи. Анын айтымында мамлекеттик карызды тейлөөгө каражат мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуунун эсебинен алынат. Көрсөтүлгөн мезгилде мамлекеттик казына векселдерин жана облигацияларын чыгаруу аркылуу республикалык бюджетке 3.17 млрд сом тартылган.

«Азыр ички ресурстарды тартууга көп көңүл бурулууда. Ушул максатта март айынан баштап мамлекеттик баалуу кагаздар Кыргыз фондулук биржасына чыгарылган», — деп кошумчалады Даникеев.

Министрдин орун басары мамлекеттик баалуу кагаздар жогорку ликвиддүү элементтер болуп санала тургандыгын жана мамлекет купондук ченди жана башка нюанстарды эске алуу менен бул каражаттардын кайтарылышына кепилдик берерин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл