Кыргызстанда жарым миллион аял күрүч же прокладка алууну тандоого аргасыз

Кыргызстанда жарым миллион аял күрүч же прокладка алууну тандоого аргасыз

Кыргызстанда эң кеминде жарым миллион аял жакырчылыктын айынан негизги жеке гигиеналык каражаттарын, анын ичинде көөк (прокладка) сатып ала албайт. Мындай корутундулар «Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу» программасынын алкагында Idea CA билим берүү долбоору ишке ашырып жаткан «Дата инкубатордун» бүтүрүүчүлөрүнүн изилдөөсүндө жазылган.

«Дата инкубатор» программасынын үч бүтүрүүчүсү Кыргызстандагы этек кир жакырчылык көйгөйү боюнча маалыматтарды (негизинен Улутстаткомдун маалыматтарын) чогултуп, талдап чыгышкан. Алар өлкөдө 10 жаштан 50 жашка чейинки жарым миллионго жакын аял айына 3500 сомго жашоого аргасыз экенин аныкташкан. Бул сумма негизги керектөөлөргө араң жетет. Ал эми жеке гигиеналык каражаттарды, анын ичинде прокладкаларды сатып алууга көп учурда акча калбай калат. Натыйжада, жакырчылыкта жашаган аялдар «бир пачка прокладка сатып аламбы же 1 кг күрүч сатып аламбы?» деген тандоого туш келишет.

«Менструалдык жакырчылыкты» изилдөөнүн авторлору жылына орточо эсеп менен бир кыргызстандык аял жеке гигиеналык каражаттарга 4000 сом короторун эсептеп чыгышкан.

Изилдөөнүн авторлору жеке гигиеналык негизги каражаттарын ала албаган аялдар көбүрөөк ооруга чалдыгат деп эсептешет. Жыл сайын 100 миңге жакын кыргызстандык кыз-келиндер аялдардын оорулары боюнча ооруканаларга кайрылышат. Мунун себептеринин бири – бул бир жагынан жакырчылыктын айынан келип чыккан жетишсиз гигиена.

Бул өлкөнүн экономикасына түздөн-түз таасирин тийгизерин кошумчалай кетүү керек: аял оорудан улам эргүүгө чыгууга аргасыз болот, жумушка жетишпейт, ишканада жана бүтүндөй өлкөдө эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөндөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл