Бажыда 8.9 млн сомго салыгы төлөнбөгөн товарлар аныкталды

Бажыда 8.9 млн сомго салыгы төлөнбөгөн товарлар аныкталды

БТЖга товарлардын жеткирилбегендиги жана аларды ээликтен ажыратуу фактылары аныкталды. Дээрлик 9 миллион сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Такталгандай, «Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери товарларды бажылык тариздөөчү жерге жеткирүү боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылы КРнын резиденттери «Э. Н.» ЖЧК, «С.К.» ЖИнин дарегине «кийим-кече, жашылча-жемиш» сыяктуу товарлар Өзбекстандан, Ирандан жана Түркмөнстандан жөнөтүлгөн. Жолдо Казакстандын бажы постунда бул товарларга 11 транзиттик декларация таризделген.

Бул транзиттик декларацияларга ылайык, бул товарлар жүк ташуучу унааларда ташылып, бажы тариздөөчү жерлерине жеткирилиши керек болчу.

Бирок БТЖга товарлардын жеткирилбегендиги жана тиешелүү бажылык тариздөөсүз товарларды ээликтен ажыратуу фактылары аныкталган. 11 транзиттик декларация боюнча жеткирилбеген товарлардын баасы 127 миң долларын түздү. Товардын жалпы салмагы – 282 тоннаны түзгөн, төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 8.9 млн сомду түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кырчында жаракат алган өспүрүмдүн абалы тууралуу маалымат берилди

Кырчында жаракат алган өспүрүмдүн абалы тууралуу маалымат берилди

Кырчын капчыгайынан түшүп келе жаткан учурда жаракат алган 15 жаштагы өспүрүмдүн абалы туруктуу, учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө дарылануусун улантууда. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, өспүрүм алгач Ысык-Көл райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилген. Кароодо сокку алган жарааты, төмөнкү эриндин жабыркашы жана баш мээнин чайкалышы аныкталган. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бейтапта ретрограддык

Кыргызстанда курулуш тармагында чет өлкөлүк технологиялар сыналууда

Кыргызстанда курулуш тармагында чет өлкөлүк технологиялар сыналууда

Кыргызстанда курулуш тармагындагы инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн жергиликтүү жана чет өлкөлүк ыкмалары салыштырылууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Инженердик изилдөөлөр департаменти Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө колдонулган инженердик-геологиялык изилдөө ыкмаларына салыштырмалуу талдоо жүргүзүүдө. Анын алкагында Бишкектин Шевченко көчөсүндө курулуп жаткан 9-14 кабаттуу

Кырчында энергетиктер 24 сааттык нөөмөттө кызмат өтөп жатышат

Кырчында энергетиктер 24 сааттык нөөмөттө кызмат өтөп жатышат

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан "Кырчын" этно-шаарчасына барып, энергетиктердин ишин текшерди. Иш сапардын жүрүшүндө министр көмөк чордондордун, электр берүү чубалгыларынын, тутумдардын жана кошумча энергия булактарынын көрүп чыкты. Ошондой эле энергетиктердин 24 сааттык нөөмөтүнүн уюштурулушун көзөмөлгө алды. Министрликтин маалыматына ылайык, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын

Кыргызстанда шахматты өнүктүрүүгө 100 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда шахматты өнүктүрүүгө 100 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы түзүлөт. Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, академияны түзүүнүн максаты – эл аралык класстагы шахматчыларды даярдоо системасын өркүндөтүү, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү үчүн заманбап база түзүү жана таланттуу спортчуларды системалуу колдоо. Жарлыкка ылайык, жогорку спорттук натыйжаларды көрсөткөн шахматчыларга