Аламүдүн районунда өнөр жай өндүрүшү 16,2 млрд сомго жетти
Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аламүдүн районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана ири инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын тогуз айында райондогу өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 16 млрд 250 млн сомду түздү. Ал эми негизги капиталга салынган инвестициялар өткөн мезгилге салыштырмалуу 63,8 %га көбөйүп, 3 млрд 298,8 млн сомго жетти.
Райондогу ири инвестициялык долбоорлордун катарында 20 млн долларлык "Силк Вэй" соода борбору бар. Анда 2 миң жумуш орду түзүлгөн. Ошондой эле инвестициялык көлөмү 4,2 млрд долларды түзгөн "Манас" шаарчасы, 18 млн долларлык "Чанхун" металлургиялык заводу жана 35 млн долларлык "Глобал Хаб" логистикалык борбору белгиленди.
Аталган ишканалардын ичинен "Чанхун" заводунда 500, ал эми "Глобал Хаб" борборунда 250 жумуш орду түзүлгөн.
Мамлекет башчысына жолугушуунун жүрүшүндө райондун учурдагы көйгөйлөрү жана мындан аркы өнүгүү пландары да тааныштырылды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу