Аламүдүн районунда 3 жылда 41 социалдык объект курулуп, оңдолду
2024–2026-жылдары Аламүдүн районунда жалпы 41 социалдык объект курулуп, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышуусунда маалымдалды.
Билдирүүгө караганда, курулган объекттердин ичмнде: 15 мектеп, 7 бала бакча, 11 спорттук объект, 6 медициналык мекеме, 1 маданият үйү, 1 китепкана бар.
Бул иштер билим берүү, саламаттык сактоо, спорт жана маданият тармактарындагы инфраструктураны жакшыртууга багытталган.
Ошондой эле өлкө башчы менен жолугушууда Аламүдүн районунда чечүүнү талап кылган маселелердин бири катары карьерлерди иштетүүнү тартипке келтирүү зарылдыгы белгиленди.
Мүмкүн болгон чечимдердин бири катары тиешелүү тилкелерге өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары макамын берүү сунушталды.
Бул маселе жаратылыш ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуу жана айлана-чөйрөнү коргоо менен байланыштуу.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу