Бийлик кийинки жылы геология тармагына 1 млрд сом бөлөт

Бийлик кийинки жылы геология тармагына 1 млрд сом бөлөт

КРнын президенти 2024-жылдын бюджетине “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүү тапшырмасын берген.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз геология кызматынын 85 жылдык мааракесинде билдирди.

Жапаров геология өлкөнүн экономикалык жана экологиялык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойноорун, аны менен бирге тоо кен тармагы бюджет түзүүчү өзөктүү эң ири тармак экенин билдирди.

“Геологдордун бир нече муундарынын гиганттык эмгегинин натыйжасында Кыргызстандын аймагында 15 миңден ашуун пайдалуу кендер табылган жана анын 500дө деталдуу изилдөөлөр жүргөн. Бүгүнкү күндө 345 кен мамлекеттик баланстын запасында турат”, – деди Акылбек Жапаров.  

Акылбек Жапаров ошондой эле тоо кен тармагындагы жүргүзүлүп жаткан жумуштардын натыйжасында “бюжетке миллиарддаган киреше” түшүп, ички дүң өндүрүмдүн көлөмүндө “триллион” деген сан пайда болгонун кошумчалады.

“Азыркы күндө өлкөдө отун-энергетикалык ресурстары боюнча –26 кен бар, кымбат баалуу металлдар боюнча – 60, түстүү жана сейрек металлдар боюнча – 36, гипс, сары таш, туз ж.б. ушул сыяктуу рудалык эмес – 38, курулуш материалдары боюнча 199 жерде материал алынат. “Жалал-Абад”, “Ысык-Ата”, “Арашан” сыяктуу 15тен ашуун минералдык суу кендерибиз бар. Булар мамлекетке миллиарддаган кирешелерди берип жатат, ал эми ИДӨнүн көлөмү 1 триллиондон ашты”, – деди ал.

Белгилей кетсек, маселен тоо кен тармагы 2020-жылы 18.2 млрд сом киреше берсе, 2022-жылы 48.4 млрд сом киреше берген, бул 2 жарым эсеге көп.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу