Өкмөт Citi Group банкынын жана LBMA өкүлдөрү менен жолукту

Өкмөт Citi Group банкынын жана LBMA өкүлдөрү менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондондо болгон жумуш сапарынын алкагында Citi Group эл аралык инвестициялык банкынын аткаруучу директору Грант Карсон менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Citi Group эл аралык инвестициялык банкынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Андан соң МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Лондон металл биржасынын Рынокту өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Робин Мартин менен жолукту.

Ал эми Робин Мартин Лондон металл биржасы дүйнөнүн башка мамлекеттери менен кызматташкандай эле Кыргызстан менен рынокто сатуу жана соода-экономикалык жактан кызматташууга даяр экенин билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжай РЭТи күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аткарды

Манас шаарында металл заводу ачылып, турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды

Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды