Таласта дем берүүчү гранттардын эсебинен 40.6 млн сом жумшалды
Талас облусу боюнча 2023-жылдын 11 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 40.6 млн сом суммасында 20 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Сарпталган каражаттар:
· 9 мектепке – 17.6 млн сом;
· 1 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 2.6 млн сом;
· 4 спорттук курулуштарга – 8.1 млн сом;
· 3 маданий маанидеги объектиге – 5.6 млн сом;
· 3 бала бакчага – 6.7 млн сом жумшалды.