«Кыргыз темир жолу» 10 айда 212 миңге жакын жүргүнчүнү тейледи

«Кыргыз темир жолу» 10 айда 212 миңге жакын жүргүнчүнү тейледи

2023-жылдын 10 айында Кыргызстанда темир жол аркылуу 211 ми 886 жүргүнчү ташылды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" МИ билдирирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде эл аралык каттам боюнча 12 миң 617 жүргүнчү жана республиканын ичинде 199 миң 269 жүргүнчү каттаган.

Үстүбүздөгү жылдын жайында Бишкек - Балыкчы каттамы боюнча VIP жүргүнчү ташуучу вагон даярдалган. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн вагон кышкы-жайкы кондиционер системасы, стерео система, телевизор, муздаткыч, Wi-Fi жана башкалар менен жабдылган.

Белгиленгендей, туристтик компаниялардын өтүнүчү менен Балыкчы бекетине бара турган чет элдик туристтик поезддердин курамына Люкс жана VIP вагондору киргизилген. Туристтик поезд Европа жана Америкадан келген туристтер Кыргызстанга 6 жолу каттаган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжай РЭТи күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аткарды

Манас шаарында металл заводу ачылып, турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды

Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды