Кыргызстан менен Сауд Арабиясы салык жана бажы тармагында кызматташууну талкуулашты

Кыргызстан менен Сауд Арабиясы салык жана бажы тармагында кызматташууну талкуулашты

2023-жылдын 7-декабрында КРнын Сауд Араб падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Зекет, салык жана бажы кызматынын башчысы Сухайл бин Мухаммад Абанми менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР менен Сауд Араб Падышалыгынын ортосундагы мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, ошондой эле салык жана бажы тармагында кызматташууну өнүктүрүүнүн практикалык аспектилерин талкуулашты.

Элчи эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсүнүн алгылыктуу динамикасын жана эки өлкөнүн болгон потенциалын канааттануу менен белгилеп, Саудия тарапты соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган күч-аракеттерди бурууга чакырды.

Өз кезегинде С.Абанма КР менен Сауд Арабиясынын ортосундагы мамилелердин учурдагы абалын жогору баалап, өлкөлөр ортосунда Кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын, бул өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жана бизнес жана инвестиция үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу үчүн оң кадам экенин белгиледи. Ошондой эле ал Элчинин соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылчылыгы тууралуу пикирине кошулуп, керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аталган макулдашууну ишке ашыруу боюнча ишти активдештирүү жана эки өлкөнүн бажы жана салык органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча түздөн-түз күч-аракеттерди жасоого макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн