Электрондук соода жана бизнес чөйрөсүндөгү активдүүлүк байкалууда – экономика министри

Электрондук соода жана бизнес чөйрөсүндөгү активдүүлүк байкалууда – экономика министри

Акыркы он жылда электрондук соода жана электрондук бизнес чөйрөсүндөгү активдүүлүк байкалууда. Бул тууралуу 2024 жылдын 22 январында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында 2023 жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйнтыгы боюнча билдирди.

Ал маалымдагыдай, электрондук соода инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында өлкөнүн ири транспорттук түйүндөрүнө жакын жайгашкан Электрондук коммерция паркын куруу боюнча долбоор ишке ашырылып баштады.

Аны менен бирге соода саясаты тармагында, 2023-жылдын 9-июнунда Астана шаарындагы Эл аралык форумдун талааларында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда “Ак-Тилек” жана “Карасу” автожол өткөрүү пункттарынын районунда индустриалдык соода-логистикалык комплексти түзүү жана ишин жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлган.

Институционалдык чөйрөнүн сапатын жакшыртуу жана КРда электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча Программа бекитилген (КР МКнин 2022-жылдын 16-декабрындагы).

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы “КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу КРнын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кытайдагы, Түркиядагы жана Өзбекстандагы КРнын соода өкүлчүлүктөрү өз ишин баштады.

КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча борбор түзүлдү.

Ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна чыгаруу максатында Улуттук көргөзмө павильону көрсөтүлүп, анда төмөнкүлөргө жетишилди:

·      жалпы суммасы 500 млн сомдон ашкан нукура балды экспорттоого кол коюлган келишимдер, бул Кыргыз балынын жогорку сапатын жана анын дүйнөлүк рынокто жагымдуулугун тастыктайт;

·      ийгиликтүү 20 миң тонна балык жана балык азыктарын экспорттоо, өлкөнүн балык чарбасын жана анын экспорттук дараметин өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат;

·      экспортко 100 миң тонна эт жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү.

·      тамак-аш өнөр жайынын жана калктын импорттук Айыл чарба продукциясына болгон муктаждыгын камсыздоо жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн коргоо үчүн 2024-жылга жылдык тарифтик квоталардын көлөмүн белгилөө боюнча иштер жүргүзүлдү:

·      Вьетнам жана Сербия Республикасынан Бирликтин бажы аймагына айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө (ЕЭК Коллегиясынын 2023-жылдын 22-августундагы  жана 2023-жылдын 28-августундагы чечими);

·      бодо малдын этине жана канаттуулардын этине (ЕЭК Коллегиясынын 2023-жылдын 22-августундагы чечими);

·      камыш кантына 50 миң тонна көлөмүндө (ЕЭК Кеңешинин 2023-жылдын 30-мартындагы чечими).

Мындан тышкары окуңуз

Си Цзиньпин Кыргызстанга келет

Си Цзиньпин Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.  Маалыматка таянсак, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери аткезчиликтин 71 фактысына бөгөт коюлуп, кармалган товарлардын алдын ала баасы 70,2 млн сомдон ашты.  Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 30 учур өткөрмө бекеттерде, 41и чек ара өткөрмө пункттарынан тышкары жерлерде аныкталган. Мындан сырткары, ЕАЭБдин ички чек аралары аркылуу жалпы баасы 49,2 млн

Чач жасалгалоо, онлайн кийим сатуу же сабак берүү: кантип мыйзамдуу иштөө керек?

Чач жасалгалоо, онлайн кийим сатуу же сабак берүү: кантип мыйзамдуу иштөө керек?

"Салык сервис" мамлекеттик мекемеси өз алдынча иштегендер кайсы учурда патент алып, кайсы учурда жеке ишкер (ИП) катары катталышы керектиги тууралуу маалымат жарыялады. Ага ылайык, ишмердиктин түрүнө жараша салык төлөө айырмаланат. Маселен, тырмак жасоо, боёнтуу жана чач тарач кызматтарын көрсөткөндөр патент менен иштей алышат. Ал эми инстаграм аркылуу кийим

Манастагы №21 мектептин жаңы корпусу сентябрда пайдаланууга берилет

Манастагы №21 мектептин жаңы корпусу сентябрда пайдаланууга берилет

Манас шаарынын Достук кичи районундагы №21 Ж. Болотов атындагы мектепке 375 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоорго ылайык, жаңы окуу корпусу үч кабаттан турат. Анда окуучулардын билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Учурда объектте курулуш-монтаждоо иштери аяктоо