Өкмөт кайра иштетүү жана экспорт багыттары боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт

Өкмөт кайра иштетүү жана экспорт багыттары боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 2024-жылы ишке аша турган 100 ири долбоорлордун алкагында айыл чарба тармагында аткарыла турган иштерге токтолду. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, 2024-жылга карата суу ресурстары, айыл чарба багытындагы үрөөнчүлүк, көчөт, тоют, кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду ачуу жана экспортту жогорулатуу боюнча негизги төрт багыттын айланасында план түзүлдү.

«Биз чакан суу сактагычтарды (БДР, БСР) курабыз. Анын жанына тамчылатып сугарууну киргизебиз. Ал жерден дыйкандар өзүнүн айдоо аянтына суу алат. Биз алгач дыйкандардан эмне эгээрин сурайбыз. Андан соң ошол жерге кайра иштетүү киргизилип, андан кийин экспортко чыгууну көздөйбүз. Анын баары банктын коштоосунда болот. Ар бир кыймылын банк көзөмөлдөп, ар бир тыйынына чейин карап чыгат. Мына ошондо ал долбоорлордун айланасында окумуштуулар керек болот. Ошол себептүү ректорлорго ар бир долбоорго катышып сунуш берүүгө чакырам», - деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң чоң сапфир Шри-Ланкада табылды

Дүйнөдөгү эң чоң сапфир Шри-Ланкада табылды

Шри-Ланкада салмагы 3 миң 563 карат болгон дүйнөдөгү эң ири кочкул кызгылт жылдыздуу сапфир тааныштырылды. Баалуу таш кеминде 300 миллион долларга бааланууда деп билдирет Associated Press. Сапфирге "Таза жердин жылдызы" деген ат берилген. Ал дүйнө жүзүндө катталган эң чоң табигый кочкул кызгылт жылдыздуу сапфир болуп эсептелет. "Бул

ChatGPT платформасында жарнаманы тестирлөө башталат

ChatGPT платформасында жарнаманы тестирлөө башталат

OpenAI компаниясы жакынкы убакта АКШда акысыз тарифтерди колдонгон жана ChatGPT Go колдонуучуларынын арасында жарнаманы тестирлөө башталарын билдирди. Компаниянын маалыматына ылайык, жарнама көбүрөөк колдонуучуларга жасалма интеллект куралдарын азыраак чектөөлөр менен же таптакыр акысыз колдонууга мүмкүнчүлүк берүү максатында киргизилүүдө. OpenAI компаниясы төмөнкүлөрдү убада кылды: тестирлөө учурунда өзүнүн жашы 18ге чыга элек экенин

IZhO-2026: Кыргызстандын окуучулары Эл аралык олимпиадада 11 медаль утуп алышты

IZhO-2026: Кыргызстандын окуучулары Эл аралык олимпиадада 11 медаль утуп алышты

Кыргызстандын мектеп окуучуларынан түзүлгөн курама команда математика, физика жана информатика боюнча өткөн XXII Эл аралык Жаутыков олимпиадасында (IZhO-2026) 2 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медаль жеңип алышты. Мындай маалыматты Агартуу министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Олимпиада 2026-жылдын 10–15-январында Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Ага Армения, Азербайжан, Беларусь,

Оштогу "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасы модернизацияланат

Оштогу "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасы модернизацияланат

Ош шаарында "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасы модернизацияланарын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Муниципалитет башчысы Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, ишкананын аймагында жаңы гараж, дан сактоочу кампа жана айыл чарба техникаларын кышкы оңдоодон өткөрүүчү устакана курулуп жатат. Жаңы объекттер жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Учурда мэрдин тапшырмасы менен “Агрардык чарба” муниципалдык