Кыргызстан менен Ооганстан экономикалык мамилелерди талкуулашты

Кыргызстан менен Ооганстан экономикалык мамилелерди талкуулашты

2024-жылдын 24-январында Ооганстандын борбору Кабул шаарында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Афганистандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттакинин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого арналды.

Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучу   бийик тоолуу аймактарда жашаган жана Герат провинциясындагы катуу жер титирөөдөн жапа чеккен ооган элине көрсөтүлгөн гуманитардык жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Министрлер соода, инвестиция, транспорт жана энергетика сыяктуу түрдүү тармактардагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Алар өз ара пайданы камсыз кылуу үчүн экономикалык чөйрөдө байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Тараптар Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү эки өлкөнүн элинин бакубаттуулугун жогорулатууга көмөктөшөөрүнө ишеним артышты.

Соңунда министрлер эки өлкөнүн кичи жана орто бизнесин колдоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле тараптардын бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн