Кыргызстан менен Ооганстандын өкмөттөрү социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Кыргызстан менен Ооганстандын өкмөттөрү социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

2024-жылдын 25-январында Кабулда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Афганистандын административдик иштер боюнча премьер-министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Талкуунун негизги темалары социалдык-экономикалык маселелерге, ошондой эле Улуу жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын абалына байланыштуу болуп, аймактын бакубаттуулугун жогорулатуу аспектилери, анын ичинде ооган тарап көтөргөн демилгелер талкууланды. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Памир аймагындагы жашоону жакшыртуу, анын ичинде алыскы аймактарда байланышты жана инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү уюлдук мунараны орнотуу аракеттерине токтолду.

Облустагы саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу чараларына өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар сапаттуу медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана жергиликтүү калктын ден соолугун чыңдоо боюнча кошумча кадамдарды талкуулашты.

Кыргызстандын экономика министри ооган тараптын аймактын алдында турган социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүдөгү демилгелерин оң белгиледи.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, тараптар эки өлкөнүн жергиликтүү калкынын жашоосун жакшыртууга багытталган негизги маселелер боюнча конструктивдүү диалогду улантууга үмүт артышты.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн