2024-жылдын январында 593.4 млн сомго техника лизингге берилди

2024-жылдын январында 593.4 млн сомго техника лизингге берилди

2024-жылдын 8-январынан 30-январына чейин 593 миллион сомго 41 даана техника дыйкандарга лизинг жолу аркылуу берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Бүгүнкү күндө «Айыл Банк» ААК аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндар, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлор жана башка айыл чарба шаймандары жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9 % менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингге берүүдө.

Эске салсак, дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, жалпы 13,7 млрд. сомго 6617 даана техника берилген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжай РЭТи күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аткарды

Манас шаарында металл заводу ачылып, турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды

Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды