2023-жылы аймактарда бизнести өнүктүрүүгө 2.8 млрд сомдон ашык кепилдиктер жумшалды

2023-жылы аймактарда бизнести өнүктүрүүгө 2.8 млрд сомдон ашык кепилдиктер жумшалды

Жалпысынан 2023-жылы ишкерлер өнөктөш банктардын кепилдиги менен 8.2 млрд сом өлчөмүндө кредит алышкан. 2023-жылы республика боюнча 4 736 ишкер «Кепилдик фонд» ААКнын кызматынан пайдаланган. Бизнеске 2.6 млрд сом өлчөмүндө кепилдик колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу фонд билдирди.

Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 90% дээрлик 2.1 млрд сом суммасында өлкөнүн аймактарында ишердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Алсак, Жалал-Абад облусунун ишкерлерине 401 млн сомдук 1000ден ашык кепилдиктер берилген, Ош облусунун жана Ош шаарындагы бизнеске 385 млн сом суммасында 814 кепилдик берилген, Чүй облусунун ишкерлерине 534 млн сом суммасында 643 кепилдик, Ысык-Көл облусуна - 221 млн сом суммасында 497 кепилдик, Баткен облусуна - 204 млн сом суммасында 486 кепилдик, Талас облусу – 223 млн сомдук 425 кепилдик жана Нарын облусу 129 млн сомдук 389 кепилдикти пайдаланышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн