2023-жылы Ысык–Көл облусу 1.34 млрд сомго каржыланган
![2023-жылы Ысык–Көл облусу 1.34 млрд сомго каржыланган](/content/images/size/w1200/2024/02/1667564437_31-sportishka-com-p-bishkek-ozero-issik-kul-vkontakte-31-1.jpg)
Ыссык-Көл облусу боюнча 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 1.2 млрд сом өлчөмүндө каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Бөлүнгөн каражаттын ичинен:
· теңдөөчү трансферт – 271 млн сом;
· электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 26.6 млн сом;
· айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 31.7 млн сом;
· башкы план – 26.8 млн сом.
· жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 41.3 млн сом;
· бирдиктүү салык компенсациясына – 91 млн сом;
· каракол шаарын өнүктүрүүгө – 685 млн сом;
· түп районунун айыл өкмөттөрүнө -50 млн сом.
Мындан тышкары, Ыссык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 117.1 млн сом бөлүнүп берилди.