Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks
Акылбек Жапаров Кашкар эркин экономикалык аймагына барды

Акылбек Жапаров Кашкар эркин экономикалык аймагына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кашкар эркин экономикалык аймагына барды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Алгач минкаб башчысы Кашкар эркин экономикалык аймагындагы көрсөтмөлүү-көргөзмө павильонуна баш бакты. Бул жерде Кыргызстандан чыгарылган товарлар үчүн атайын орун бөлүнүп, бүгүнкү күндө айрым товарлар коюлган.  Андан ары Жапаров Кашкар эркин экономикалык аймагындагы Нарын эркин экономикалык аймагынын

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кашкар эркин экономикалык аймагына барды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Алгач минкаб башчысы Кашкар эркин экономикалык аймагындагы көрсөтмөлүү-көргөзмө павильонуна баш бакты. Бул жерде Кыргызстандан чыгарылган товарлар үчүн атайын орун бөлүнүп, бүгүнкү күндө айрым товарлар коюлган. 

Андан ары Жапаров Кашкар эркин экономикалык аймагындагы Нарын эркин экономикалык аймагынын бондалык кампасына барды. Белгилей кетсек 2023-жылдын 9-декабрында «Кашкар» ЭЭА  менен «Нарын» ЭЭА түзгөн келишимге ылайык, «Кашкар» ЭЭАдагы  бондалык кампа «Нарын» ЭЭАга пайдаланууга берилген. 

Ошондой эле Акылбек Жапаров Кашкар шаарындагы «Кыргыз почтасы» МИнын бондалык кампасына барды. Бул кампада электрондук соода жүгүртүүнүн негизинде сатылган товарлар иргелип, даректерге жөнөтүлөөрү айтылды.

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More