2024-жылы «Кыргыз жылуулук энергого» 1.7 млрд сом каралган

2024-жылы «Кыргыз жылуулук энергого» 1.7 млрд сом каралган

2024-жылга республикалык бюджеттен «Кыргыз жылуулук энерго» МИнын жылуулук энергиясын субсидиялоого «Мамлекеттик ишканаларды субсидиялоо» беренеси боюнча 1.7 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Каралган каражаттын ичинен «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынан келип түшкөн арыздардын негизинде үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында 750 млн сомдук каражаттар каржыланды.

Белгилей кетсек, бул чыгашалар калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларынын жоготууларынын ордун толтурууга багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжай РЭТи күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аткарды

Манас шаарында металл заводу ачылып, турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды

Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды