Акылбек Жапаров «Почта банкты» түзүү боюнча кытайлык компания менен жолугушту

Акылбек Жапаров «Почта банкты» түзүү боюнча кытайлык компания менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Почта-банкын» ачуу перспективаларын талкуулоо боюнча  кытайлык Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd компаниясы менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Белгиленгендей, 2023-жылдын 19-августунда «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому менен Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd. ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.  2024-жылдын январында тараптар ортосунда биргелешкен инвестициялоо боюнча алкактык келишимге кол коюлган.

Почта банкы ачылгандан кийин КРнын аймагында бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана санариптештирүү, жарандар үчүн жеткиликтүү социалдык-багытталган көп функционалдуу калкты жана ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү аркылуу «Кыргыз почтасы» ААКга таандык объекттерди модернизациялоо, реконструкциялоо же куруу ишке ашырылат.

Тараптар биргелешкен долбоорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Жыл башынан бери өлкөдө 33 өзгөчө кырдаал катталып, 24 адам каза болду

Жыл башынан бери өлкөдө 33 өзгөчө кырдаал катталып, 24 адам каза болду

17-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иштердин жыйынтыгы жана жылдын экинчи жарымына карата милдеттер талкууланган коллегия өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында маалымдалгандай, 2026-жылдын алты айында өлкөдө 33 өзгөчө кырдаал катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26 учурга көп. 2025-

Кыргыз текстиль продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгаруу пландалууда

Кыргыз текстиль продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгаруу пландалууда

Президенти Садыр Жапаровдун текстиль жана тигүү тармагын мамлекеттик деңгээлде колдоо саясатынын алкагында, жеңил өнөр жайын заманбап өндүрүшкө айландыруу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди. Маалыматка ылайык, 17-июлда Сокулук районунун Дача-Суу айылында жайгашкан “Кыргыз Текстиль Хабында”өндүрүштүк инфраструктураны чыңдоо, материалдык-

Бишкекте 6 жаранга муниципалдык батирлердин ачкычтары тапшырылды

Бишкекте 6 жаранга муниципалдык батирлердин ачкычтары тапшырылды

17-июлда Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарга муниципалдык батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи өттү. 6 жаранга батирлердин ачкычтарын мэр Айбек Жунушалиев тапшырды. Алар Кыргыз турак жай мыйзамдарына ылайык убактылуу пайдаланууга берилди. Калаа башчысы жаңы батирлердин ээлерин куттуктап, өз алдынча турак жайга ээ болуу жашоодогу

Абдрахманов көчөсүндөгү жол өтмөктө унаа кыймылы убактылуу чектелет

Абдрахманов көчөсүндөгү жол өтмөктө унаа кыймылы убактылуу чектелет

Бишкек шаарынын мэриясы Абдрахманов көчөсүндөгү жол өтмөктө курулуш иштери улантылып жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, учурда жол өтмөктүн шып бөлүгүн каптоо жана жылуулук тармактарынын инженердик коммуникацияларын орнотулуп жатат. Аталган иштерге байланыштуу бүгүн саат 18:00дөн тартып дүйшөмбү күнгө чейин Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө түштүк багыттагы унаа кыймылынын