2024-жылдын 2 айында салыктык эмес кирешелердин түшүүсү 5.3 млрд сомду түздү

2024-жылдын 2 айында салыктык эмес кирешелердин түшүүсү 5.3 млрд сомду түздү

2024-жылдын 2 айына карата мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү  5 млрд 295.8 млн сомго аткарылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен, 2 айдын жыйынтыгы боюнча, ФКФ (Финансылык кедиттик фонд) тарабынан бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздарга бекитилген планы 135.6 млн сом өлчөмүндө белгиленип, иш жүзүндө аткарылуусу 327.7 млн сомду түздү. Бекитилген планына карата, 192.1 млн сомго көбөйгөн жана ошондой эле пайыздык көрсөткүч планга карата 241.7% ашты.

Мындан тышкары, унааларды каттоо жана кайра каттоо жыйымы боюнча 249,4 млн сомго планы бекитилип, аткарылышы 384.5 млн сомду түзгөн жана ошондой эле пайыздык көрсөткүч планга карата 154.2%ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн